“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Ноорузда Төлөк айылында улуттук оюндар ойнолду

22 Март 2021 жыл 23:30
Көрүүлөрдүн саны: 156

Нооруз майрамына карата Төлөк айылында чакан иш чара уюштурулду. Иш- чарада улуттук оюндар ойнотулуп, аныкталды.

“Соӊ-Көл” айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Чекирбаев буларга токтолду:

“Нооруз майрамы жакшы деӊгээлде өттү. Майрамга жалпы Төлөк эли катышты. Улуттук оюндарды эске салуу максаттында аркан тартыш, кол күрөш, ордо оюндары уюштурулду. Мындан тышкары айылдык жаштардын суранычы боюнча кечинде футбол оюну өткөрүлдү,оюнда көчө-көчөлөр арасында мыкты таймаш болду.»

Аркан тартышта:
1-орунду Жээк көчөсү
2-орунду Акмат көчөсү ээледи.
Кыз-келиндер арасындагы кол күрөштө төмөнкү айымдар өз күчтөрүн көрсөтүшүп, орундарга ээ болушту.
1-орун Өмүрова Гүлбарчын
2-орун Исаева Гүлнара
3-орун Алиева Кыял

Кыз-келиндер арасында кол күрөштөн 1-орунду алган Өмүрова Гүлбарчын

Балдар арасында дагы кол күрөштө төмөнкү мырзалар мыкты оюн көрсөтүшүп, орундарга ээ болушту.
1-орун мектеп окуучусу Асанбеков Улан
2-орун Өзүбеков Жаныбек
3-орун Аскарбеков Төлөбек

Ордо оюнунда:
1-орунду Сакалдуулардан түзүлгөн Сманов Алмаз байке жетектеген команда алды.
2-орунду Нурбек уулу Мирбек жетектеген жаштар командасы алды.
Оюндар аябай кызыктуу өттү. Жеӊичүүлөргө акчалай сыйлыктар жана диппломдор ыйгарылды.
Ал эми футбол боюнча:
1-орунду Кадыр Алтымышов көчөсүнүн жаштары ээлешти.
2-орунду Жээк көчөсү уттуп алышты.
3-орунду Акмат көчөсү ээледи.
4-орунду сарайдан келген, малчылардын атынан уюшулган команда ээледи.

Жеңишке ээ болгон командаларТо

Жеӊүчүүлөрдүн баарына сыйлыктар тапшырылды жана дипломдор берилди.
Айта кетсек, Айылдык Кеӊештин депутаттары тарабынан атайын Нооруз майрамын өткөрүү максатында бюджеттен акча бөлүнүп берилген. Берилген дипломдор жана сыйлыктар ушул акча аркылуу каржыланган.
Кыз-келиндер арасындагы кол күрөштөн 1-орунду алган Өмүрова Гүлбарчын: “Бүгүн аябай жакшы майрам болуп атат. Жеӊишти алганыма аябай кубануудамын. Нооруз майрамын биз дагы жакшы деӊгээлде өткөрдүк. Бизден кийинки урпактар да улуттук оюндарды билишсин деп айыл өкмөтү иш чараны уюштурду.”

 

Айпери Марлес кызы