“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Манас таануу» таймашы Кочкор районунда болуп өттү

15 Март 2021 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны: 134

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында мына ушул улуу баян боюнча Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында «Манас таануу» интеллектуалдык таймаш өтүп, «Соң-Көл» орто мектебинен куралган «Мурас» тобу облустук турга жолдомо алып келишти.

Соң-Көл орто мектебинде көп жылдан бери кызмат кылып, аны менен утурлай «Мурас» тобун жетектеп, окуучуларды демине дем, күчүнө күч кошуп келе жаткан кыргыз тили жана адабияты мугалими Бурул Майрамбек кызы да өз оюн бөлүшүп, сынак оор болуп ошого карабастан окуучулары үмүтүн актагандыгын билдирди:

«3-мартта Кочкор райондук «Манас таануу» боюнча кароо сынак болуп өттү. Бул сынактын уюштурулуп жатканына быйыл 10жылдын жүзү болду. Быйыл да жобого ылайык 3 окуучуну даярдадым. Окуучуларым үмүтүмдү актап, биринчи орунга ээ болушту. Жеңишке жетүү албетте оор болду. Себеби океандай чыгарманы окуп чыгып, ага сүңгүп кириш, андагы каармандар менен, жер-суу аттары менен таанышуу үзгүлтүксүз окууну талап кылат. Бирок, ага карабай окуучуларымдын тынымсыз аракеттери менен биринчи орунга ээ болдук. Азыркы мезгилде аларга ыраазы болуп отурган чагым. Эпосту окутууда эң биринчи алар» Манасты» сүйүш керек, окуяга сүңгүп кириш керек. Ошондуктан мен аларга үзгүлтүксүз окууну, окуяга, андагы каармандарга маани берип окууну талап кылам. Ошонун натыйжасында окуучуларым чыгарманы толук кандуу түшүнө алышат».

Соң-Көл орто мектебинен түзүлгөн «Мурас» тобу жетекчиси менен

Ушул эле «Манас таануу» интеллектуалдык оюнун республикалык деңгээлде уюштуруп, калың элдин катмарына, өзгөчө жаштарга «Манас» эпосун жеткирип, кайдыгер карабоого, көздүн карегиндей сактоого үгүттөп, келечектин каймактарына жакшы жол көрсөтүп, жан дүйнөсүн Манас менен байытууга салым кошуп келе жаткан, «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын редактору, манасчы Нурбек Талантбеков ага да өз оюн айтып өттү:

«Кочкор районундагы алгачкы таймашты айтсак, биринчи Н.Жүндүбаева атындагы мектепте өткөн. Ал кезде топтордун катышуусу солгун болчу. 1-2 эле топтордун катышуусу жакшы болбосо, дээрлиги чабал эле. Азыр 2-3 жылдын аралыгында абдан жакшы деңгээлде өттү. Быйыл да жакшы өткөнүн баса белгилеп айткым келет. Бул жолу 4-5 команда финалга чыгып, 3 команда облустук турга жолдомо алды.

Бул мугалимдердин «Манас» жаатында даярдоосу өсүп, балдардын билими өөрчүп жаткандыгынан, алдыга талпынгандыгынан дилгир дымагы өркүндөп жатканынан кабар берет. Таймаштын бирден бир балдардын кызыгып, күн санап өсүүсүнүн себеби, таймаштын акыйкаттыгы болуп эсептелет. Ушул мезгилге чейин канчалаган балдар Манасты окуду, канчасы эсибизде калса, канчасы калбай кетти. Маселен, ошолордун ичинен бирөө да жаман болуп кетти деген пикирлерди укпадык.

Тескерисинче жогорку окуу жайларда окуп, билим алып, мыктылыгын далилдеп жатканын көрүп эле жүрөбүз. Таймаш облустук, республикалык деңгээлде өтүп, жетекчилердин, ата-энелердин көз караштары жакшы нукка бурулуп, колдоп жатканы кубандырат. Ал эми «Манас» тууралуу толук түшүнүк болбой туруп, жөө жомок деп айтуу чабалдыктын белгиси. Алар менен талашып-тартышуунун кереги жок. Эң башкысы бала-бакча, мектеп арасында окутуп, тааныта берсек, бизди жаркын келечек күтүп турат десек жаңылышпайбыз. Учурда «Манасты» мектепке сабак кылып киргизүү боюнча суроо-талаптар күчөп жатат. Бул багытта да чоң аракеттерди жумшап, кол топтоп Манас сабагын кигизүү үчүн аракеттерди баштайбыз», -деп билдирди.

Кочкор районунун алдыңкы Манас таануучулары

«Мурас» тобунун мүчөсү Нагима таймаш кыйын, атаандаштар биринен өтүп бири күчтүү болгонун, ошол мезгилеги толкундоолору жана сүйүнүчтөрү менен бөлүшө кетти: «Жакын арада эле болуп өткөн сынакта жалпысынан жогорку 25 упай топтоп биринчи орунду алдык. Сүйүнүчүбүздө чек жок. Ошол мезгилдеги ичибиздеги сезимдер өзгөчө болду жана азыркы учурга чейин бар. Жалпысынан сынакка 34 мектеп катышты. Албетте, алардын арасынан алдыга озуп чыгуу биз үчүн кыйынчылыктарды туудурду. Ийгилигибиздин аркасында жетечибиздин салымы зор. Азыркы учурда апрель айында өтө турчу облустук сынакка катуу даярданып жаткан учурубуз», -деди.
Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган «Манас» эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы жана ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу.

Нарында райондук «Манас таануу» сынагы өткөрүлдү 

Альбина Арстанбекова