COVID-19 вирусу күч алгандан баштап, өлкөбүздөгү бардык мекемелер иштебей калган. Ал менен утурлай эле, Кочкор районунун Төлөк айылындагы бала-бакча жана мектеп өз ишин токтотушкан. Азыркы учурда «Фаризат» бала-бакчасы бөбөктөргө кайрадан эшигин ачты.
«Фаризат» бала-бакчасынын директору Нурзат Исмаилова өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташы, балдардын катышы жана көйлөрү менен бөлүштү:
«Биз пандемиядан кийин 26-январдан баштап иштеп баштадык. Азыр кыш мезгили болгондуктан сасык тумоо жана ар кандай оорулар күч алып, балдардын келүү катышы орто жана ошондой эле азык-түлүк кымбаттагандыктан акча тарабынан маселе жаралып, ата-энелер чогулушун өткөрдүк. Жыйналышта акча маселесин талкуулап, мурунку баасы 350сом болсо, азыр 450сомго көтөрдүк. Андан сырткары, айыл өкмөт тарабынан да акчалай жардам көрсөтүлүүдө.»

Төлөк айылында жайгашкан «Фаризат» бала бакчасынын сырткы көрүнүшү
Ушул эле бала-бакчанын тарбиячысы Жеңишбек кызы Индира балдардын оору жугузуп алуу коркунучу жок экенин айтты:
«Балдар ооруга чалдыкпаш үчүн, эң биринчи ата-энелер эртең менен маска тагынып келүүдө. Келээри менен балдардын колдоруна антисептик сээп, температурасын ченейбиз жана ошондой эле тазалыкка барып келгенде, тамактануу алдында колдорун жуудуруп, сөзсүз антисептик себебиз. Эгерде чүчкүрүп, жөтөлүп, эти ысыганын байкасак, үйүнө жиберип сакаюусуна чейин үйдө болуусун айтабыз»,-деп билдирди.

Бөбөктөргө арналып жасалган көрсөтмө куралдар
Ошол эле бала-бакчага өз балдарын жиберген Света Исакеева, балдар ал жерде коопсуз экендигин жана оорудан алыс болоруна ишенет:
«Мен бул бала-бакчага толук кандуу ишенем. Балдарыбыздын ден- соолугуна да эч кандай зыяндуулугун тийгизбейт. Балдар бул жерге келип тарбия алгандары да келечектери үчүн жакшы болмокчу. Бул жерде балдар өздөрүн жакшы сезишет», -дейт Света айым.

Бала-бакчадагы уктоочу бөлмө
Бирок бир көргөн адамга эң эле өкүнүчтүүсу бала-бакчанын эскилиги жетип, бөлмөлөрдүн тардыгы, ичиндеги эмеректердин улам-улам сынышы, оюнчуктардын дээрлик жоктугу бөбөктөргө ыңгайсыздык жаратат.
Окуучулар жаратылышты коргоо үчүн жан үрөп жатышат
Альбина Арстанбек кызы, Мадина Чыңгыз кызы, Нургерим Нурбек кызы, Акылай Жыргалбек кызы.