Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде 2-февраль күнү «Суулуу саздак жерлер жана суу» деген темада Каратал-Жапырык коругу кызматкерлери тарабынан дилбаян жазуу сынагы болуп, жыйынтыгы чыкты.
«Соң-Көл» орто мектебинин директору Касымбек Мамбеталиев дил баян жазуу боюнча сынак Каратал-Жапырык коругу менен биргелешип уюштурулду дейт:
2-февраль “ Бүткүл дүйнөлүк суулуу саздак жерлерди коргоо» күнү экенин билебиз. Биз бул сынакты Каратал-Жапырык коругу менен биргелешип, жобосун иштеп чыкканбыз. Дил баян жазуу боюнча сынак 9-11-класстар арасында болуп өттү. Сынакка бир нече окуучулар катышып, уюштуруучулар тарабынан дил баяндар текшерилип, анализденип, жыйынтыгында ылайыктуу орундарды беришти. Сынак жогорку деӊгээлде жакшы өттү.»

Каратал-Жапырык коругунун меймандарын мектеп окуучулары жакшы тосуп алышты
Төлөк айылынын тургуну Каратал-Жапырык коругунда иштеген Каниет Осмонов 2002-жылдан бери бул иш уюштурулуп жүргөндүгүн баяндады:
«Мен бул корукта төрт жылдан бери өзүбүзгө тиешелүү жерди, жаратылышты, жапайы канаттууларды карап, коруп иштейм. Ушул корукта иштегенден бери канаттуулардын саны кескин түрдө көбөйүүдө.
Бул сынак негизинен 2002-жылы Рамсар тизмесине киргенден бери университеттерде, мектептерде уюштулуруп келе жатат. Быйыл “Соӊ-Көл” орто мектебинде өткөрүүнү туура көрдүк. Окуучулар активдүү катышышып, жакшы орундарга ээ болушту.»

Сынактын жеңүүчүсү
Ал эми биринчи орунду ээлеген Нурзада Рыспаева өзүнүн кубанычы менен бөлүшө кетти:
«Каратал-Жапырык коругу буга чейин башка сынактарды уюштуруп келген. Быйыл дил баян сынагын уюштурушуптур. Ага катышып көрүүнү чечкен элем. Мен бул дилбаяндын көпчүлүк бөлүгүндө адам затты жаратылышты коргоого чакырган элем. Негизинен биринчи орунду алам деп эч эле ойлогон эмесмин. Сыйлык ыйгарылып жатканда албетте толкундандым, ошол учурда кубанычымда чек жок эле.»
Ошондой эле, дилбаяндар сынагына активдүү катышкандыгы үчүн Муратбек уулу Данияр, Улан кызы Альбина,Чыӊгыз кызы Мадина, Муктарбек уулу Элмирбек ж.б окуучулар ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Ушул сынакка катышып, сыйлыктарды алган 9-11-класстын окуучулары бул сынакты уюштуруп берген жамаатка терең ыраазычылыктарын билгизишип, дагы да ушундай сынактар өтүп турса дешет.
Акынаалы кызы Сезим, Айдана Тыныбекова, Бакай кызы Нураида, Бегайым Жумагазиева.