“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чычырканактын касиети

3 Февраль 2021 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны: 275

Чычырканактын даарычылыгы абдан чоң. Данынан кыям жасалат. Данегинен май чыгат. Кыямынынын пайдасы, кан басымды түшүрөт, тамакты жакшы сиңирет.

Чычырканакта көптөгөн витаминдер бар. Иммунитетти көтөрөт, булчуңдарды чыңдайт жана жараттардын эрте айыгышына жардам берет. Жүрөк кан тамыр ооруларын даарылоодо колдонулат. Чычырканактын майы күйгөн жерлерге дагы жардам берет, нерфти тынчтандыртат, кургаган бетке дагы чоң таасирин тийгизет.

Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканактын майы кеңири колдонулат.

Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү керек. Жалбырагы дагы чач түшүп жатканда жардам берет. Чач түшкөндө 2 стакан кайнаган сууга 2 аш кашык чычырканактын ашы менен жалбырагы алынат. 2 саат демделет да , күнүнө 2 жолу тамактын алдында ичилет.

Чычырканак көбүнчөсү суулардын жанында өскөн тикендүү дарак болуп эсептелет

Жыйноосу күздүн башталышында башталат. Аны суу тийгизбей кургак кармоо керек. Эгерде бөйрөктө таш болсо этияттык менен жеш керек. Ошондой эле аллергия пайда болуу коркунучу бар.

Аяна Аскарова