Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде этно стилиндеги парк курулду. Бул паркта тарыхый балбал таштар, ата- бабалар колдонуп келген таш буюмдары коюлуп, тегереги корулган.
Этно паркты уюштуруу демилгеси мектеп директору Бообек уулу Болотко таандык. Ал өзү тарых мугалими болгондугуна байланыштуу, мектепте музей уюштуруп, тарыхый эстеликтерге маани берип келет. Этно парктын курулушу тууралуу Бообек уулу Болот буларга токтолду:
“Этно паркты куруу мурдатан эле ойдо бышып жүргөн. 2013-жылы мектепке жаңы мугалим болуп иштеп жүргөндөн бир жыл өткөндө, мектептин ичине музей куруу идеясы келген.
Этно паркты куруу музей курулгандан кийин 2015-жылдары пайда болгон. Ушул 2020-жылдын март айларынан кийин бардыгына белгилүү дүйнө жүзүн каптаган пандемияда карантин жарыяланып, окуучулар аралыктан окуп жатканда, мугалимдер менен ишембилик уюштуруп, ушул идеяны ишке ашырдык.

Этнопарктагы балбал таштар
Мектептин 30 чарчы жерге алма багы тигилген, анын жанындагы эски бактарды кыйып, ошонун бутактарынан тосмо жасап койдук. Кире беришин арка боз үй кылдык. Паркты 1 ай ичинде бүтүрүп “Этно парк” деп атадык. Парктын жанынан суу өтөт, анын жанында ачык асман алдында музей уюштурулган.
Албетте, толук бүтө элек, дагы улуттук колориттеги селкинчектер курулат. Максатыбыз, ушул айыл тургундарына, окуучуларга дегеле башка жактан келген конокторго айылыбыздын маданиятын, тарыхын чагылдырып берүү”.

Жаргылчак


Ат араба

Ат соко
Этно парк мугалимдер, балдар эс алуусу үчүн, мугалимдер ачык асман алдында ар кандай сабактан сабактарды өтүүсү үчүн жасалган.
Арсен Курманбеков, Тынчтык Шейшенов