Пандемия башталгандан бери окутуу жана мугалимдердин кагаздары онлайн форматка өтө баштады. Электрондук күндөлүк 2020-жылдын күз айларынан баштап колдонууга берилген. Бирок бул күндөлүк элеттик окуучуларга жана ата-энелерге ыңгайсыздыктарды да жаратып жатканы айтылууда.
Электрондук күндөлүк тууралуу мектеп директору Касымбек Мамбеталиев өз оюн билдирди: “Азыр эми бардык электрондук санариптешүү жылы болуп атат. Биздин мектепке дагы 2020-жылдын күздөн баштап электрондук күндөлүк колдоно баштадык. Электрондук күндөлүк окуучуларга дагы жана мугалимдерге жакшы жактары көп. Бүт тапшырмалардын баары күндөлүккө келет. Онлайн окуганда күндөлүктун пайдасы аябай чоӊ жардам берди.
Оффлайн окууда да күндөлук такай колдонулушу керек. Азыркы учурда реалдуу режимде кагаз журнал, күндөлүктөрүбүздү колдонуп жатабыз. Ошого карабастан кошумча азыр дагы электрондук күндөлүктү колдонуп жатабыз. Бирок ошентсе дагы азыр кээ бир окуучуларыбызда ар биринде бирден телефон жок болуп, эне-атасынын телефону менен киргендерине байланыштуу ыңгайсыз болуп жатат. Айылда интернет толук тартпаганына байланыштуу кээ бир жерлерде дагы аксап турган учурларыбыз бар.»

Онлайн окутуу учурунда электрондук күндөлүктүн пайдасы тийген
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова электрондук күндөлүктүн ыңгайлуу жактары көп экендигин белгилейт:
“Бул замандын талабына ылайык биздин билим берүү мекемелери үчүн атайын керектүү функцияларды толугу менен камтыган программа быйыл киргизилди. Техниканын өнүгүшү менен атайын талап ошондой болуп жаткандыктан, бизге дагы электрондук күндөлүк киргизилип жатат.
Күндөлүктүн мугалимдер үчүн жакшы жактары бар экен, көп иштерибиз жеӊилдеп иш алып барууда окуучу менен ата-эне менен иштөөдө көп жеӊилдиктер каралган. Күндөлүк менен иштегенден бери эч кандай кыйынчылык деле көргөн жокмун. Ыӊгайлуулугу бул окуучуну ата-эне, мугалим бирдиктүү көзөмөлдөп туруу жагы аябай ыӊгайлуу экен. Мисалы, бир эле убакта сабакка катышуусу эгерде окуучу сабакка катышпай турган болсо көз ирмемде эле ата-эне аны биле алгандыгы”.

Электрондук күндөлүк-замандын талабына ылайык билим берүү мекемелери үчүн атайын керектүү функцияларды толугу менен камтыган программа.
Ал эми окуучулар электрондук күндөлүктү колдонуу үчүн ар бир балага телефон жетишсиз экенин айтышат. Алардын бири Хадижа Төлөбалдиева:
“Электрондук күндөлүкту колдонууда бизде коп эле кыйынчылыктар болду. Онлайн сабак учурунда биздин үйдө бир эле телефон болгондуктан эжем, мен, иним учөбүүз сабактарга өз учурунда кире албай, бир аз артта калып жаттык. Интернет дагы жай болгондуктан коп тоскоолдуктарды жаратты”,- деди.
Айыл тургуну Динара Алымкулова күндөлүктү колдонуш үчүн ар бир балага бирдик салып туруу кыйынчылык жаратарын айтты:
“Электрондук күндөлүктү колдонуудагы кыйынчылыктар бир үйдө үч төрт бала окугандыктан ар бир балага бирден телефон жетишсиз болуп атты. Ар бир баланын телефону болгон күндө дагы алардын ар бирине бирдик салыш керек болуп жатты”.
Төлөк айылында салттуу окуу 7- декабрда башталган. Бул учурда дагы электрондук күндөлүктөр колдонулууга тийиш.
Айпери Марлес кызы, Мадина Чыңгыз кызы