“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Айылдагы таштанды төгүүчү жай жакында жабылат

27 Январь 2021 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 152

Кочкор районунун Кара-Суу айылында таштанды төгүүчү жай айылга жакын жайгашкан. Айыл тургундары көп убакыттан бери нааразычылыгын билдирип келишет. Себеби, желим баштыктар учуп, малдын терилери, тарптар баары ушул жерге төгүлөт. Бул көрүнүш оорулардын күчөшүнө да себеп болууда.

Айыл тургуну Света Абасова өрттөлгөн таштандыдан чыккан түтүндөр зыян келтирип жатканын айтат:
“Бул таштандыдан чыккан түтүндүн зыяны чоң. Себеби, ал жерде ар кандай нерселер өрттөлөт. Жан-жаныбарлардын таштандылары, кийим- кечелер, резиналар, желим идиштер, баштыкчалар өрттөлөт. Ошондон чыккан түтүндүн зыяны адамга эң чоң зыянын тийгизет, ар кандай оору- сыркоолорду алып келет. Айыл өкмөткө көптөгөн кайрылууларды жөнөтүп жатабыз, бирок ошол чечилбей жатат. Эгер ушул жер айылдан алыс жайгашса жакшы болмок.»

Таштанды төгүүчү жайдын ички көрүнүшү

Дагы бир айыл тургуну Рахима Султакеева айдоо жерлердин баарын желим баштыктар каптап, аны мал жеп жаткандыгын билдирди:
“Таштандыдан чыккан түтүн эң эле чоң зыян келтирет. Бул таштандыны жок дегенде бөлүп-бөлүп желим баштыкчаларды өзүнчө, желим бөтөлкөнү өзүнчө кылып бөлсө жакшы болмок. Баары бир эле айдоонун баары желим баштык болуп, аны жеген малга деле кандай зыяны көп. Чириген картошкалар, терилер, малдын тарптары, аларды жеген ит- куштар кайра келип ар-кай жерге заңдаса аны кайра малдар жеп жатат. Ошондон эхинококк пайда болуп жатат. Ошол малдын этин жеп алып ден-соолук бузулуп атат”.

Таштандынын арасында малдын да тарптарын көрсө болот.

Айылдык ФАПтын кызматкери Фарида Мамытова таштандыдан чыккан түтүндүн ден- соолукка келтирген зыяны тууралуу айтып берди:
“Таштандылар-алардын жыты, жана аларды өрттөгөндө чыккан кара түтүн коомдогу чоң экологиялык маселе болуп саналат. Таштандыдан чыккан түтүн адамдын ден-соолугуна олуттуу зыян алып келет.Түтүндүн курамында организмге терс таасирин берүүчү заттар көп. Мунун кесепетинен адамдардын дем алуу органдарында төмөнкү оорулар келип чыгат: Аллергиялык жөтөл, бронхит, бронхиялык астма, кан басымы, стенокардия жана жүрөк оорулары
келип чыгышы мүмкүн. Түтүн дем алуу жолдорун сезгендирет да организимге таза аба жетпей калат”.

Таштанды төгүүчү жайдын айланасында малдардын оттоп жүргөнүн көрүүгө болот

Бул маселе боюнча айыл өкмөтүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Тилек Турдубековго кайрылдык:
“Муну 2 жылдан бери карап келе жатабыз. Бизде Семиз-Бел деген айыл менен келишим түздүк. Быйылкы жылга жаңы ошол жакта атайын таштанды төгүүчү жай деген жер бар, бир жылга арендага 500 миң сомго эки айылдын таштандысын төгөбүз. Себеби, биздин 500 метр аралыкта таштанды төгүүчү жай деген жерибиз жок, баары жайыт жер. Негизи, таштанды төгүүчү жай айылдын суу өтүүчү жерлеринен 500 метр алыс болуш керек. Бул маселени мен келгенден кийин эле элдер көтөрүп чыгышкан айылга жакын болуп жатат деп. Анан келишим түзүлүп былтыркы жылга ошол эле Семиз-Бел айылына келишим түзуп дээрлик жарым жылдай төктук, анан пандемия болуп калып таштанды чыгарбай калдык. Себеби тигилер таштанды кийирбей калышты, жолдун баары жабылып калып, 6-7 ай мусор чыкпай калды. Бирок алар азыркы күндө чыгып жатат”.

Эскерте кетсек, Жаңы- Жол айылынын таштандысы Семиз-Бел айылына төгүлүп жатат. Кара-Суу айылыныкы азырынча бул жакка төгүлүүдө. Жакында бул жай жабылып, таштанды Семиз- Бел айылындагы талапка жооп берген жайга төгүлүп баштайт.

Алишер Мирлан уулу, Туратбек Кубанычбек уулу