Кочкор районунун Чолпон айылында 10-январь күнү президенттик шайлоо 8⁰⁰ дө башталып, 20⁰⁰ до добуш берүү соңуна чыкты.
№ 4150 шайлоо комиссиясынын төрагасы Сабит Алыбаев төмөнкүлөргө токтолду:

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сабит Алыбаев
«Бизде коюлган эрежелерибиз бар, алардын бардыгы аткарылды. Жергиликтүү тургундар добуш берүүгө кирип келе жатканда аралыкты сактап, кол-кап бет-кап кийип жатышат. Элдердин маанайы мурунку шайлоого караганда жакшы. Бардыгы орду менен болуп жатат. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Көп жылдан бери келе жаткан кыйынчылыктан улам президенттин иштерин билип, баардыгы өзүнүн тандоосунда добуш берип жатышат деген ойдомун. Буюрса шайлоону таза өткөрүп алабыз деген үмүттөмүн».

Шайлоочулардын дене табы өлчөнүп, мед кызматкерлердин көзөмөлүнөн өтүшүүдө

Бактияр Шаршенбеков айыл тургуну
Айыл тургуну Шаршенбеков Бактияр буларга токтолду:
«Быйылкы шайлоо мурдагыдай болуп акча менен сатылган жок, үгүттөө дагы болгон жок. Элдер өзүнө өзү агитация кылып, өзү каалаган ишенген адамын шайлап жатышат. Мен азыркы болуп жаткан президенттик шайлоого таза баа бере алам. Келечекте жакшы президент болуп элдин камын ойлоп, элге пайдасы тийген президентти күтөбүз. Элди бириктире турган президенттен үмүт кылабыз».

Санитардык талаптарды, эрежелерди аткаруу эстен чыккан жок
Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Махмутова төмөнкүлөрдү билдирди :
«Азыркы убакта кагаз иштери көп болуп жатат. Былтыркы жылда бир эле тизме менен иштесек быйыл эки тизме менен иштеп жатабыз. Шайлоочулар да эки бюлетень менен өтүп жатат. Бирөөсү президенттик, экинчиси диференттик. Шайлоочулар жакшы катышышууда».
Аяна Аскарова, Нагима Мирланова, Кусейин Марат уулу, Сильвара Төлөбекова