Кыш — айбанаттар үчүн суук, азык тартыш болгон кыйын мезгил. Өсумдүк менен тамактануучу жаныбарлар гана эмес, жырткычтар үчүн да тамак табыш оңой эмес. Ал эми курт — кумурска менен тамактануучуларга андан да кыйын.
Айбанаттардын кыш мезгилинде жашоого ыңгайлашуусу миң жылдан бери акырындап пайда болгон. Куштардын көбү кышында жылуу жакка учуп кетүүгө көнгөн, ал эми кыштап калгандары кышында да жем таап жегенге үйрөнгөн. Жырткычтар башкача кыштайт. Көпчүлүгү кышында чээнге кирет да, бир нече ай ойгонбой уктайт.

Көпчүлүк жаныбарлар кышында чээнге кирет да, бир нече ай ойгонбой уктайт.
Ал эми кышкы уйку мезгилинде жүрөгү жай, начар согуп, дем алганы араң эле билинет, ал түгүл кээсинин денеси муздап да калат. Бирок организм ушундай абалда да тамактанышы керек. Чынында эле ал күздө топтогон май запастары менен тамактанат. Нормалдуу иштеген организм бул запасты тез эле сарптамак, ал эми тиричилиги жай жүргөн организм аны бүткүл кыш бою керектейт. Кышкысын чээнге кирүүчүлөр: аюу, кашкулак, аламан, суур жана кирпилер.

Суур

Күрөң аюу
Күрөң аюу жана токой чычканы кышкы уйкуда. Түлкү менен коён жазгы тонунун ордуна кышкы калың жана жылуу тондорун кийишкен. Кайчы тумшук чымчык 30 градус суукта да балапан басып чыгара алат, анын азыктанышына карагайдын тобурчагы эле жетиштүү.

Жерде — сууда жашоочулар да, сойлочулар да «катуу» укташат.
Жылан, кескелдирик жана башка курт — кумурска, чымын — чиркейлер ийинине жана жаракаларга кирип, уктап кышты өткөрүшөт. Бардык эле айбанаттар чээнге кирбейт. Жырткычтардын көбү кышында да өзүнө жетишерлик тамагын табат, ал эми алардын калың жүнү кышкы аязга туруштук берет.
Милана Тынчтыкбекова