Кыргызстанда дары чөптөрдүн бир канча түрүн кездештирүүгө болот. Төмөндө алардын бир канчасын тизмектедик:
1)Бака жалбырак:
Бака жалбырактын ичеги-карын сезгенгенде, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу (бронхит, кургак учук), суук тийгенге каршы дарылык касиети бар. Андан сырткары жалбырагынан кайнатылган чай гипертония, атеросклероз ооруларын алдын алып, табитти ачуучу, кан басымды түшүрүүчү мыкты каражат болуп эсептелет.

Бака жалбырак
2)Бөрү карагат:
Бөрү карагаттын курамындагы берберин затынын кан токтотуучу касиети бар. Жалбырагынан даярдалган тундурма ички органдардын кан агуусунда колдонулат. Кан басымды төмөндөтүүчү, заара айдоочу, геморрой жана сезгенүүгө каршы мыкты каражат болуп эсептелет. Бөрү карагаттын мөмөсүнөн даярдалган чай боор, өт жолдорунун, өт баштыкчасынын сезгенүүсүндө да колдонулат.

Бөрү карагат
3)Эрмен-шыбак:
Эрмен-шыбактын суудагы демдемеси табитти ачуучу, тамак сиӊирүүнү жакшыртуучу, ашказанды, өттү тазалоочу каражат катары колдонулат.

Эрмен шыбак
4)Каакым:
Холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муун оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Сергитүүчү, иммунитетти чыңдоочу каражат.

Какым
5)Ат кулак:
Тамак сиңирүүгө пайдалуу жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө да жардам берет.

Ат кулак
6)Жалбыз:
Жүрөк айланган учурда жакшы даба болуп берет. Дене ысыганда, муундар ооруганда жана депрессиядан арылууда колдонулат.

Жалбыз
7)Койчу баштык:
Залалдуу шишикте, ич өтүүдө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.

Койчу баштык
8)Беде:
Канды тазалап, өттүн, жүрөктүн жана ичегинин иштешин жакшыртат.

Беде
Бермет Жумабекова