“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Италия бедеси тууралуу билесизби?

24 Декабрь 2020 жыл 22:09
Көрүүлөрдүн саны: 245

Беде чөбү тоют чөптөрдүн эң жакшысы. Ал жогорку баалуулукка ээ жана малдын саламаттыгын жакшыртуу артыкчылыкка ээ.

Дүйнөдө беде өсүмдүгү кеңири тараган жана ар кандай климаттарга жана топурактарга абдан жакшы ыйлайыкташкан. Италияда илим изилдөө институтунан көптөгөн сорттору иштелип чыккан жана алардын айырмалары бар.

Италия бедеси мал жандыктардын ашказанында абдан сиңимдүү келет.

Алар суукка жана кургакчылыкка чыдамкайлыгы, тез ылдамдыкта өсүүсү, топурактын тереңине 6-8 см урук себилет. Италия бедесинин уругу Микороза грибогу, Ризобиум бактериясы жана нитроген менен сыртынан атайын капталган.
Италия бедеси мал жандыктардын ашказанында абдан сиңимдүү. Эрте жазда өсүшүү башталат. Ар бир чабыктан кийин абдан тез өсөт.


Жыйноо убактысы жаңы гүлдөп баштаганда. Жагымдуу шартта биринчи жылы 2-4 жолу чаап алуу мүмкүнчүлүгү жана түшүмдүүлүк 1га жерден 60-80ц тегерегинде чөп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми кийинки жылдары 4-7 жолу чөп алуу мүмкүнчүлүгү жана жалпы түшүмдүн көлөмү 1га жерден 130-150ц тегерегинде чөп алууга болот.

Аяна Аскарова