Эзелтен бери келе жаткан гүлазыктардын бири-бул жупка. Азыркы мезгилде көп жасалбайт. Бирок сиңимдүү, тоюмдуу тамактардын катарын толуктайт.
Жупканы жасоо анча кыйын эмес. Бирок азыркы учурда дээрлик жасашпайт. Жупка ата-бабаларыбыздын сүркүттүү тамагы болуп эсептелчү.
Даярдоо ыкмасы:

Элибизде гүлазык катары колдонулган жупка тамагы

Салтанат Боогачиева
Чолпон айылынын тургуну Салтанат Боогачиева төмөнкүлөрдү кошумчалады:
«Азыркы учурда жупканын рецептин билгендер аз. Жупканын жасалышын билгендер кары адамдар, тагыраагы жашы өтүп калгандар болуп саналат. Ошол кары адамдар жупканын жасалышын бала бакырасына үйрөтпөйт, жасап көрсөтүшпөйт ошол себептен жупканы жасоо унутулуп бара жатат деп ойлойм. Мурун жупканы көп жасачубуз. Анткени жупка тоюмдуу жана даамдуу болуп, бат жасалат. Жупканын эң негизгиси жука каламасы болгондуктан аны куржунга салып көтөрүп алып, узак жолдорго аттанышчу. Анткени ал каламаны башка жактарга барганда да ысык сүткө чылап ичип алса болот. Жупка пайдалуу тамак. Азыркы учурда баардык адамдар сүт ичишпегендиктен ушул жупка менен азыктанышса ден-соолугуна да пайдалуу болот эле.»
Айжамал Улан кызы