“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кыргыздын улуттук тамак аштары

21 Декабрь 2020 жыл 0:00
Көрүүлөрдүн саны: 3393

Кыргыздын улуттук тамак аштарынын нечен түрү бар. Замандын талабына ылайык, учурда кээ бир улуттук азыктар унутта калып бара жатат. Ал эми кээ бир азыктар ушул мезгилге чейин жасалып, дасторконго көрк кошууда

Олобо тамагын азыркы мезгилде көпчүлүк эл жасабай калган. Дээрлик унутулуп бара жаткан татымдардын бири. Жасалышы жөнөкөй, бирок өзгөчө даамы бар.

Олобо, куйган өпкө — кыргыздын улуттук тамагы.

Даярдоо ыкмасы:

    • Кой-эчкинин сүт куюлуп бышырылган өпкөсү керектелет.
    • Союлган малдын өпкөсү кекиртеги менен кошо чыгарылып, толтура жел үйлөнүп, муздак сууга салынат.
    • Андан соң өпкөнүн ичи жылуу суу менен тазаланат. Сүт өпкөгө батышынча толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4–5 жеринен ичке жип менен байлайт.
    • Андан кийин сууга кайнатылып бышырылат.

 

 

Быжы бул илгертен жасалып келген тамак. Азыркы мезгилге чейин жасалып, тоюмдуу тамак деп таанылган.

Быжы-улуттук коюу тамак.

Даярдоо ыкмасы:

  •  Жаңы союлган малдын ич канын өзүнчө куюп алат.
  • Ага кашык менен эзилген боорду, жүрөктү, ич майын, күрүч, пияз, татымал чөптөр ашкөк же жусай, суу кошот.
  •  Татымына жараша туз, кара мурч, же калемпир салынат.
  • Жакшылап аралаштырып, бир азга жаап коюу керек.
  • Андан соң быжыга кошулчу күрүчтү тазалап, туз татылган сууга бир кайнатып алат.
  • Даяр болгон туурамжыны (фаршты) таза жуулган мөөнгө же жоон ичегиге салып үч жагын жип менен бекем бууйт. Туурамжы (фарш) канчалык майлуу болсо ошончолук жегиликтүү болот.
  • Быжы 1 саат убакытта бышат. Ысык кезинде дасторконго коюлат.

 Бегимай Бакасова