“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Куурма чай азыгы унутулуп бара жаткандай…

20 Декабрь 2020 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 149

Куурма чайды ата-бабалар илгертен кадырлап ичип келишкен, бирок учурда бул азык унутулуп бара жаткандай. Азыркы мезгилде чанда гана адамдар куурма чай жасап ичишет. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.

Куурма чай ашказанга жана ден- соолукка пайдалуу, жагымсыз шишиктердин пайда болушуна жол бербейт. Ата- бабаларыбыздан калган балуу чай. Куурма чайы жакшы энергетикалык тамак. Ал ошондой эле учурдагы кескин суукта маанилүү болгон жылуулук таасирин тийгизет. Ар кандай вариацияларда ичимдиктин бул түрү тибет, башкыр, татар, тажик жана башка ашканаларда кездешет.

Куурма чай курулуп жасалганына байланыштуу куурма чай деп аталат.

Куурма чайды даярдоо ыкмасы:

  • Адегенде койдун сызгырылган куйрук же бөйрөк майына, ошондой эле сары майга унду күйгүзбөй, кызарта кууруйт.
  • Адам санына жараша чайнекке чай салып, үстүнө кайнак суу куюп, демдейт.
  • Демделген кезде чамасын сүзүп, кочкул коюу маңызына сүт же каймак кошуп, куурулган унду чалып, туз татытып, казанга кайнатат.
  • Бир аз кайнаган соң, оттон чыгарып, таттуу бал же кант салып аралаштырат. Айранга катыктап ичсе дагы жакшы болот, баары өзүндүңдүн табитиңизге жараша.

 

Айыл тургуну Алтын Абдразакова

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Алтын Абдразакова 75 жашта. Мурунку мезгилде адамдар куурма чайды аздектеп ичишкенин, ал эми азыркы муун дээрлик жасап ичпей калганын кошумчалады:

«Куурма чайды азыркы жаштар жасаганды дээрлик билишпейт. Мурда куурма чай баалуу чай болчу. Ага кумшекер кошуп ичебиз дешет, бирок ал туура эмес, туз татытып ичүү керек. Азыр чөп чайга өтүп кетип жаштар билбей калып жатышат. Мен куурма чай жасаганды неберелериме үйрөтөм, менин тилегим кыргыздын унутулуп бара жаткан баалуу тамак аштарын, кайрадан азыркы муун жасап, унутта калтырбаса жакшы болот эле».

Дарычылык касиети бар чөптөр тууралуу окуңуз
Нагима Мирланова