“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Эл аралык онлайн конкурста окуучу кыз алдынкы орунга чыкты

19 Ноябрь 2020 жыл 19:30
Көрүүлөрдүн саны: 87

Кочкор районунун Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Бермет Жумабекова эл аралык онлайн конкурста алдынкы орунду камсыз кылды.

ТМЖ жана Түрк элдери уюштурган “Күз Жаңырыгы 2020” онлайн конкурсунда аты аталган мектептин окуучусу Бермет Жумабекова эстрадный вокал жанры боюнча катышкан. Жыйынтыгында 17 балл топтоп, 11-15 жаш курактагы катышуучулар арасында 2-орунду камсыз кылды.

Бермет онлайн конкурска тил гимнин жандуу үн менен аткарган

Бермет Жумабекова буга чейин дагы көптөгөн конкурстарга ырдап катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келет

Онлайн конкурс үчүн аткарылган чыгарма

Буга чейин Бермет Туркияда өткөн конкурска катышып келген.

 

Перизат Таштанова