“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кочкордо Калкты тейлөө борбору ачылды

6 Ноябрь 2020 жыл 4:41
Көрүүлөрдүн саны: 118

Нарын облусунун  Кочкор районунда  5-ноябрда Калкты тейлөө борбору ачылды.

Кочкордо 5-ноябрда Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган жана кызмат көрсөтүү бир топ жеңилдетилген. Ыңгайлуу жагы бардык документтер бир эле кеңседен даярдалгандыгында.

Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде

Калкты тейлөө борборунун жетектөөчү адиси Динара Расабек кызы

«Мен 12 жылдан бери ушул жаатта эмгектенем. Учурда жетектөөчү адисмин. Бүгүнкү күн абдан кубанычтуу күн болуп олтурат. Биздин аймакка Калкты тейлөө борбору ачылып,  биринчиден жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Экинчиден кызматкерлер, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтө алышат. Кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болду »

Джаныбаева Анара паспорт, ЗАГС бөлүмүнүн башчысы

«Мен Кочкор районундагы паспорт, ЗАГС бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Мурун биздин мекеме 2 башка имаратта жайгашкан болчу. Жарандар үчүн бир топ ыңгайсыздыкты жана кыйынчылыктарды жаратчу. Ал эми бүгүнкү күндө жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, карапайым эл үчүн, ошондой эле кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер болууда. Бул борбордун ичинде 3 орган камтылган. Бул жарандык бөлүм, паспорттук бөлүм жана нотариус. Андан тышкары, касса дагы бар. Жарандар бир имараттын ичинен тиешелүү муктаждыктарын чечип кетүүгө толук мүмкүн. Буга бардык шарттар жана заманбап тейлөө кызматтары каралган».

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишкананын Кочкор райондук Калкты тейлөө борборуна берилген мобилдик тейлөө унаасы

 

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери


Калкты тейлөө борбору жарандарга алгачкы кызматын көрсөтө баштады

 

Кочкор:Көйгөй жараткан аймакка көпүрө курулду

Перизат Таштанова, Арген Токторбеков