Учурда өлкөдө “коронавирус” илдети менен жабыркаган адамдардын саны кайрадан өсүүдө. Ал эми айыл жергесиндеги кырдаал тууралуу Кочкор районунун Чолпон айылынын тургундарынан сурап көрдүк.

Чолпон айылынын тургуну Жолдош Кусеинов
Айыл тургуну Жолдош Кусеинов төмөнкүлөргө токтолду:“Коронавирус” илдети дүйнө жүзүн каптабадыбы, ошондуктан дээрлик бардык адамдар анын ичинде мен дагы бул оорунун бар экендигине ишенем. Учурда статистика боюнча бүгүнкү күндө бул илдеттин айынан каза болгон адамдардын саны өсүүдө. Менин жеке оюмча адамдар пандемиядан эмес, өзүнүн мурунку ооруп жүргөн ооруларынын натыйжасында каза болуп жатышат. Күн сайын теледен, радиодон санитардык эрежелерди, гигенаны кантип сактоо керектиги тууралуу айтылып жатат. Мунун барын эске алып, талаптарды аткаруу биздин жарандык милдетибиз. Ар бир адам өзүнүн саламаттыгына кайдыгер мамиле жасабашы керек. Бул оору эрежелерди сактабай жаткандыгыбыз үчүн көбөйүп жатат. Мисалы:4-октябрда мамлекеттик шайлоо болду. Шайлоо күнү санитардык эрежелер, адамдардын арасындагы аралыктар сакталып, адамдар бет кап, кол кап кийишип, антисептикалык каражаттарды колдонуп шайлоо өткөн. Ал эми эртеси күнү борбор калаада адамдар массалык түрдө топтолушту. Эч кандай санитардык талаптар аткарылган жок. Пандемия бар экендиги унутулуп калды. Бул окуя дагы оорунун очогуна май тамызды деп ойлойм.”
Айыл тургуну Нуржан Бейшекеева “коронавирус” илдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасабасак кырдаал мындан дагы курчуп кетет деген оюн билдирди:
“Менимче өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал анча жакшы эмес. Ооругандардын саны күн сайын өсүүдө. Кайрадан ооруканаларда бейтаптар көбөйүүдө. Мунун бардыгы адамдардын жоопкерчилиги жоктугунун натыйжасында болуп жатат деп ойлойм. Жай мезгилинде барыбыз үчүн абдан кыйын, татаал күндөр болгон. Ооругандардын саны туу чокуга жетип, элибиз кыйын кырдаалды башынан кечирген, жакындарын жоготкон. Эми минтип күз келип, оорунун очогу кичине басаңдагансып калганда эле, элибиз бир заматта кыйын күндөрдү унутуп, санитардык эрежелерди сактабай, ээн-эркин жүрүп калышты. Натыйжада кайрадан оору күчөдү. Ошондуктан биз бул илдетке жоопкерчиликтүү мамиле жасабасак, ооруну жеңе албайбыз. Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кайдыгер карабай, саламаттыгына кам көрүп, иммунитетин чыңдашы керек.»

Айыл тургуну Света Усупканова
Айыл тургуну Света Усупканова: “Азыркы айылдын ичиндеги эпидемиялык абал боюнча айта турган болсом, биз санитардык эрежелерге, тартиптерге баш ийбей жатабыз. Ушунун бары эле оорунун санынын кескин көбөйүшүнө алып келип жатпайбы. Бул нерсени түшүнүп турсак деле, болбой эле аш-тойлорго, түлөө, куран окутулган жерлерге барып жатабыз. Эгер медицина кызматкерлери айткан талаптарды так аткарсак, ар бир тургун деле мамлекетке кандайдыр бир жардам берген болуп эсептелет элек. Учурда баягы эле кыргызчылык сапаттарыбыз менен жашап жатабыз. Ар бир жаранды санитардык эрежелерди сактоого чакырат элем. Өзүбүздүн ден-соолугубузга жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. Эл арасында бул илдеттин экинчи толкуну болот деген имиштер айтылып жүрдү эле. Менимче аны азыркы учурда эч ким так айта албайт. Баарыбыз бир кудайдын колунда экенбиз. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн саламаттыгы үчүн кам көрүшү керек”
Перизат Таштанова