“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Көйгөй жараткан аймакка көпүрө курулду

29 Октябрь 2020 жыл 23:50
Көрүүлөрдүн саны: 100

Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын борборунан 150 км алыстыкта жайгашкан Сөң-Көл жайлоосундагы Ак-Таш суусуна көпүрө курулду.


Көп жылдан бери чабандарга, малчыларга көйгөй жаратып келген Ак-Таш суусуна көпүрө курулду. Көпүрөнү курууга Кочкор районунун жайыттар ассоциациясынын төрагасы Урмат Өмүрбеков тарабынан долбоор жазылган.

«Бул көпүрө Сөң-Көл жайлоосундагы Ак-Таш суусуна курулган. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” №1 долбоору аркылуу ишке ашты. Көпүрөнү курууга жалпы 1 273 253 сом сарпталды. Көпүрөнү куруу иштери былтыркы жылы башталып, 2 ай убакыттын ичинде курулуп бүткөн. 2019-жылдын күз мезгилинен тартып ишке берилген. Көпүрө курулуучу участок алыс болгондуктан, көйгөйлөр көп болду. Бул суу чабандар көчүп конууда, мал айдоодо ошондой эле турист тоскондорго чоң көйгөй жаратчу.»

Кочкор райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн өкүлү Эмил Дайыров

«Ак-Таш суусуна курулган көпүрө көптөн бери пландалып жүргөн. Бул көпүрө менен жалпы Сөң-Көл жайлоосуна чыккан чабандарга, малчыларга бир топ жеңилдиктер болду. Көпүрөнүн туурасы 4 метр. Көпүрө жүк ташуучу унаа өткөнгө, ошондой эле, сууга дагы туруштук бере алат. Бул көпүрөнү курууга Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин салымы чоң. Көпүрөнү Кочкор районунун айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар жана турист тосуучулар, туристтер пайдаланышат.»

Ак-Таш суусу

Көпүрөнү куруу мезгилинде

Көпүрө жүк ташуучу унаа өткөнгө, ошондой эле сууга дагы туруштук бере алат.

Жайыт комитети: «Быйыл Сөң-Көл жайлоосуна туристтердин келиши күмөн»
Перизат Таштанова