“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кочкор: №4150 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

4 Октябрь 2020 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 144

Бүгүн 4-октябрь Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы №4150 шайлоо тилкесинде саат 8:00 дөн баштап добуш берүү башталды.

Чолпон айылындагы №4150 шайлоо тилкеси

Добуш берүүгө келген айылдык жарандар

Келген шайлоочулардын дене табы текшерилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн өтүүдө

Бет кап, кол кап берилип, антисептикалык каражаттар колдонулууда

Эпидемиялык кырдаалга карата адамдардын ортосундагы аралыкка өзгөчө көңүл бөлүнүп, атайын белгилер коюлган. Айыл тургундары ортодогу 1 метр аралыкты сакташууда.

Чолпон айылдык №4150 шайлоо тилкесинин төрагасы:Сабит Алыбаев

«Бүгүн 4-октябрь 2020-жылы Чолпон айылындагы №4150 шайлоо участкасында шайлоо жүрүп жатат. Шайлоочулар азыркы учурда орточо активдүү. Чолпон айылында 1638 шайлоочу бар. Шайлоого карата элдин маанайы жакшы. Шайлоо коммиссиясынын мүчөлөрүнүн бардыгы атайын окуудан өтүшкөн. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоого абдан чоң көңүл бөлүнүүдө. Элдин саламаттыгы үчүн атайын медицина кызматкерлери дайындалган. Ар бир келген шайлоочунун дене табы өлчөнүп, антисептикалык каражаттар менен дезинфекцияланып, бет кап, кол кап берилип жатат. Ошондой эле аралыкты сактоо дагы бекем тартипте каралууда. Бул жарандык активисттердин жардамы аркылуу ишке ашууда. Тартип жагы Чолпон айылынын милиция кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлгө алынган. Ар бир шайлоочу өз ыктыяры менен шайлоого келип, добуш берип кетишүүдө»,- деди шайлоо комиссиясынын төрагасы Сабит Алыбаев.

Чолпон айылынын тургуну Асель Сатыбалдиева

Чолпон айылынын тургуну, баатыр эне Коенбүбү Майкараева

Айыл тургуну Асель Сатыбалдиева бүгүн ар бир шайлоочу жоопкерчиликтүү болуп, татыктууну тандашы керек дейт:

“Бүгүнкү шайлоонун жүрүшү тууралуу айтсам, быйылкы шайлоо мурунку шайлоолорго караганда өзгөчө болот го деп ойлоп жатам. Анын үстүнө өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалга карата өзгөчө тартипте өтүүдө. Ар бир шайлоочу ойлонуп, өз чечимин кылат болуш керек. Анткени эл көйгөйү, кыйынчылыктары көп болгондуктан, ар бир адам кайдыгер карабай, кийинки өзүнүн жана балдарынын жаркын келечеги үчүн толугу менен өзүнүн добушун берүүсү керек. Ар бир шайлоочу өзүнүн каалосу, жүрөгү менен шайлоого мүмкүнчүлүгү бар. Мурункудай азыр, эч кандай кыйноо, көңүл же акча бүгүнкү шайлоону чече албайт. Анткени элдин баары адилеттиктин, калыстыктын орношун каалашат.”

«Чолпон айылынын тургуну болом. Элимдин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бүгүн шайлоого келип олтурам. Бүгүнкү шайлоо тынч өтүп, мамлекет башына кыргыздын эр-азамат балдары, кыздары келсин деген тилегим бар.»

Айыл тургуну Найман Каныбеков

Айыл тургуну Найман Каныбеков: «Мен бүгүн өзүмдүн добушумду берүү үчүн келдим. Менин оюмча быйылкы шайлоо жакшы өтүп жатат. Мурунку жылдардагы шайлоого караганда быйылкы жылы үгүт иштери дээрлик аз болду. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн каалаганын шайлайт деген ойдомун».

Шайлоо 2020: Шайлоо процесси кандай болот?

Жумакан Кожомкулова, Перизат Таштанова, Бурулкан Турдубаева