Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Кызарт өрөөнүндө 2015-жылдан бери жайыттарды которуштуруп пайдалануу иштери жүрүп жатат. Жайыттардын акыбалы кандай деңгээлде экенин билиш үчүн, быйылкы 2020-жылдын август айында 2 көрсөтмө Май-Төр жана Шайлоо Журт аймактары корулуп тосулган. Тосулган аймак мал жебей турганда кандай акыбалда болоорун билиш үчүн, эксприменттик негизде, изилдөө катары жүргүзүлүүдө.

Тосмолорду орнотуу учурунда
Тосулган бөлүкчөлөргө эспарсет, бетеге уруктары себилген. Уруктар аймактын климаттык шартына туура келет.

Уруктарды себүүгө даярдалып жаткан аймак
Эксприменттик иштер “Кыргыз Илимдер изилдөө институту» менен биргеликте ишке ашууда. Бул долбоор 4 жылга чейин созулат.

Тосмолор «Исур» коомдук фонду тарабынан каржыланып алынган
Бул иштер Чолпон жайыт комитетинин толук көзөмөлүндө аткарыла турган иштер. Долбоордун алкагында ошондой эле аймактагы топурак, негизги ичүүчү суулар, сугат сууларына анализ жүрүүдө.

Эспарсет, бетеге уруктарын себүү учуру

Көрүлгөн иш аракеттердин максаты өлкөдөгү жайыттарды жакшыртуу болуп эсептелинет.
Перизат Таштанова