“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Быйыл билим күнү жылдагыдан башкача өткөрүлдү

1 Сентябрь 2020 жыл 20:15
Көрүүлөрдүн саны: 102

Бүгүн 1-сентябрь Билим күнү. Коронавирус пандемиясына байланыштуу билим берүү системасы аралыктан окутууга өткөнү барыбызга белгилүү. Ал эми башталгыч класстагы 1-класстын окуучулары мектепке барып окуй тургандыгы тууралуу, билим берүү министрлигинен кабарланган.

Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте 1-сентябрь билим күнүнө карата башталгыч класстын окуучулары үчүн чакан майрамдык кече уюштурулду.

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 1-класска аттанып жаткан окуучулары

Чакан уюштурулган майрамдык кечеге класс жетекчилер жана мектеп босогосун аттап жаткан окуучулардын ата-энелери гана күбө боло алышты

1-класстын окуучулары коңгуроо кагып жаткан учур

Санитардык эрежелерди аткаруу эстен чыккан жок

Быйылкы 2020-жылы Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин босогосун 75 окуучу аттады.

Перизат Таштанова