“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Covid-19 вирусунун белгилери байкалса эмне кылуу керек?

30 Июнь 2020 жыл 2:24
Көрүүлөрдүн саны: 96

Сovid-19 вирусу оор респиратордук синдромду жана КДВОнун (курч дем вирустук ооруларынын) айрым типтеринин пайда кылуучу вирустар таандык болгон вирустардын туркүмү менен байланышкан жаңы вирустан турат. Учурда covid-19 вирусу ар бир адамдын ден-соолугуна кооптонууну жаратып келет. Эгерде сизде вирустун белгилери байкалса же болбосо өзүңөздөн шектенип жатсаңыз эмне кылуу керек? Төмөндөн окуй аласыздар 


Covid-19 вирусунун бир нече белгилери:
Кургак жөтөл,
Дене табынын көтөрүлүшү,
Алсыздык,
Терчилдик,
Жыт жана даам сезбөө,
Муундун какшатып, булчундардын оорушу

Эгерде сизде оорунун бир нече белгилери байкалса:
1.Үйдөн чыкпаңыз (мүмкүн болсо, өзүнчө бөлмөдө жашап туруңүз)
2.Болушунча адамдар менен болгон байланышты үзүңүз
3.Гигиенаны сактаңыз, санитардык нормаларды так аткарыныз (бет кап тагыныңыз, колду бат-баттан самындап жууп туруңуз, бөлмөнү тез-тезден желдетип туруңуз)
4.Суюктукту көп ичүү керек (суу, чай, компот)
5.Дене-табыңызды өлчөп туруңуз
6.Дене табыңыз көтөрүлүп, этиңиз ысып жатса антибиотик дарыларды колдонуңуз
7.Жүрөктүн кагышын санап туруңуз
8.Жөтөл менен энтигүү күчөп башталып же күчөп кетпеши үчүн байкап туруу керек
9.Эгерди сиз өзүнүздөн чындап эле кооптонуп жатсаңыз 118 номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге чалуу керек

Эрежени сактаңыз, ден-соолукта болунуз!

Перизат Таштанова