“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Таажы вирусун жөнөкөй тумоодон айырмалай бил

29 Июнь 2020 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны: 98

Учурдун дүйнө жүзү боюнча көйгөйү болгон-Таажы вирусу. Вирус күн сайын кулачын кенен жайууда. Бул вирустун айынан канчалаган адамдар ден-соолугунан жабыркап келет. Ал эми таажы вирусун кантип жөнөкөй тумоодон айырмалай алабыз? Төмөндөн окуй аласыздар

 

Азыркы учурда таажы вирусу менен ооругандардын саны Кыргызстанда дагы күн санап өсүүдө. Вирустун белгилери байкалса дароо 118 номерине же болбосо дарыгерге кайрылгыла деген пикирди күн сайын сыналгыдан, үн алгыдан угуп жатабыз. Ал эми кээ бир адамдар жөнөкөй тумоо менен сыркоолоп, бирок вирус деп шекшип, ооруканага барганда ал жактан даана вирустун өзүн жуктуруп алуусу толук ыктымал.


1. Эгерде сиз жөтөлүп жана чүчкүрүп жатсаңыз-бул абанын булганычынын кесепетинен.
2. Жөтөлүү, какырык, чүчкүрүү, мурундан суу агуу-бул кадимки тумоо.
3. Жөтөлүү, какырык, чүчкүрүү, мурундан суу агуу, дене какшап ооруу, алсыздык, дене табы көтөрүлүү-бул жугуштуу тумоо.
4. Кургак жөтөл, чүчкүрүү, даам сезбөө, дене бою ооруу, алсыздык, жогорку температура, дем кысылуу-бул Таажы вирусу!

 

Перизат Таштанова