“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Айылда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

30 Май 2020 жыл 10:11
Көрүүлөрдүн саны: 106

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Кочкор районунун Чолпон айылына «Материалдык резерв» фондунан 5 тонна ун берилди.

29-май күнү 100 мүшөк ун Чолпон айылына караштуу болгон айылдардын элине аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга ошондой эле жетим жесирлерге таратылды.

Ундарды таратуу учурунда
Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Боогачиев Алтынбек Качкынович буларга токтолду:”Биздин Чолпон айыл өкмөтүнө «Материалдык резервтен» экинчи ирээт гуманитардык жардам көрсөтүлүп жатат. Биринчи жолкусунда 2 ай мурун 119 мүшөк ун таратылган эле. Ал эми бул жолкусунда 100 мүшөк ун таратылды.”

 

Перизат Таштанова, Нурайым Эмилбекова