“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Бүгүн 8-октябрда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун чыңдоого, туура тамактануу жана жеке гигиена боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара “Суу, санитария жана гигиена” (WASH) жана туура тамактануу багыттарын камтыган долбоордун алкагында уюштурулду. Ага 20 мугалим жана 10 окуучу катышты. (далее…)

№3 Чолпон айылдык китепканасында семинар болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкананын директору Бурулсун Султаналиева заманбап китепканачылардын тажрыйбалары, окурман тартуунун жаңы формалары жана залкар акын Кубанычбек Маликовдун 115 жылдыгына арналган маданий кече тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү.
(далее…)

Быйыл Кыргызстандын мектептеринде Билим күнү өзгөчө тартипте, 15-сентябрда белгиленди. Окуу жылынын башталышы маанилүү мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына байланыштуу жылдырылган.
(далее…)

Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы өтүп жатат. Иш-чарага мектептин бардык класс жетекчилери бирдей активдүү катышып, өз салымын кошушту. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу башталгыч класстардын мугалими Айнура Карып кызы өз пикири менен бөлүштү.
(далее…)

9-сентябрь күнү Кочкор районуна үч атайын техника тапшырылды. Транспорт каражаттары жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү максатында сатылып алынганын ыйгарым укуктуу өкүл аларды тапшыруу аземинде билдирди. Чолпон айылы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен атайын техникага ээ болсо, Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, эки техника менен камсыздалды.
(далее…)

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 30-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата майрамдык салтанаттуу иш-чара өттү. Айыл ичиндеги көчөлөр аралык эстафета салттуу түрдө уланып, бул жолку мааракени Карыпбек кызы Тамара атындагы көчөнүн тургундары өткөрүп беришти.
(далее…)

Туура кам көрүү, убагында тоюттандыруу жана заманбап технологияларды колдонуу — канаттуу чарбачылыгын кирешелүү бизнеске айлантуунун башкы кепилдиги. Туз айылынын тургуну Саткын Муслимова суткалык жөжөлөрдү туура багып, 5 килограммга чейинки салмактагы тоокторду өстүрүү жана аларды сатууга даярдоо тажрыйбасы менен бөлүштү.
(далее…)

Чолпон айылында бош отурган келиндерге жаңы мүмкүнчүлүк ачылып, сүт азыктарын кайра иштетүү аркылуу үй-бүлөлүк бюджетти бекемдөө жолго коюлууда. Нарындагы чоңдорду окутуу борбору өткөргөн атайын курс айыл аялдарына чийки сүттү кымбат баадагы даяр продукцияга айлантуунун сырларын үйрөттү.
(далее…)

Чолпон айылында күзгү дан жыйноо иштери жигердүү жүрүүдө. Быйыл жаан-чачындуу жыл болгондуктан, түшүмдүүлүк мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору. Дыйкандар арпа менен буудайды коромжусуз жыйнап алуу үчүн талаа жумуштарын ылдамдатылган тартипте жүргүзүшүүдө.
(далее…)

Билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аймактагы бала бакча жана мектеп окуу жылына жана кышкы мезгилге карата жылуулук системаларын толугу менен жаңылап, түрткү берүүчү гранттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолууда.
(далее…)