Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров мектебинин 2009- жылкы бүтүрүүчүлөрү мектепке демөөрчүлүк көргөзгөндүгү үчүн «Ыраазычылык каттар» берилди.

Мектепке жылуулук системасын койгон балдар
Быйыл Чолпон айыл өкмөтүнүн бош калган каражатынан жылуулук системасын оңдоого 300 000 сом бөлүнгөн. Ал акчага жылуулук материалы алынган. 2009-жылкы бүтүрүүчүлөр өз чөнтөгүнөн 200 000 сомдой чыгарып, жылуулук системасын орнотушуп беришкен. Учурда жылуулук системасы ишке ашкан. Бекер иштегендери үчүн мектеп админстрациясы тарабынан «Ыраазычылык каттар» тапшырылды.
Даярдаган: Кусейин Марат уулу