Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы көптөн күткөн курулуштагы мектеп 2023-жылы соңуна чыкты. Ара-Көл айылынын тургуну Ырсалиев Рахатбек жаңы салынган мектепке демөөрчү болуп проекторлорду орнотуп берди.
Ара-Көл орто мектебине ар бир класс үчүн проекторлор берилди. Окуучулардын окууга болгон кызыгуусу көтөрүлүүдө. Проекторлордун жардамы менен көптөгөн иш чараларды өткөрүү көздөлүүдө.
Проекторлор окуучулардын окууга болгон кызыгуусун жана сапатын жогорулатат. «Азырынча проекторлор толук кандуу колдонула элек, проекторлор менен көптөгөн иш чараларды өткөрүүнү көздөп жатабыз»-дейт мектеп мугалими Чыңгыз Абылабек уулу.

Сабактар үчүн проектор менен иштөө эң жакшы жана түшүнүктүү. «Проекторлор өзгөчө сабактарды түшүндүрүүдө жардамы чоң. Көрсөтмө куралдар жок учурда эң чоң пайда. Даярдалган материалдарды сабак учурунда жеткиликтүү берсе болот»-деп англис тили мугалими Венера Өмүрова өз пикирин билдирди.

Жеке эле мугалимдер үчүн гана эмес окуучуларга да түшүнүктүү жана көңүлдүү болуу да. «Учурдагы замандын окуучуларына китеп бетинен окугандан көрө заманбап булактардан маалымат алган жеңилирээк»-дейт Ара-Көл орто мектебинин окуучусу Нуртилек Айтбеков. Мындан ары да «бул техниканын баардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонобуз»-деген ой менен иш чараларды уюштурууну көздөшүүдө.
Проекторлор билим берүү процессин бир топ женилдетти. Мүмкүнчүлүктөр жогорулап, окуу деңгээли көтөрүлүүдө. Ар кандай видео сабактар окуучуларга кызыктуу да, түшүнүктүү да болуп, окуу сезимин ойготууда. Проекторлор мугалимдин көзөмөлүндө, окуу үчүн гана колдонулууда.
Авас Токтомбеков.